21.04.2020 13:28

Түркиядан келген кыргызстандыктар үйлөрүнө жиберилди

Түркиядан келген кыргызстандыктар үйлөрүнө жиберилди

Стамбулдан Бишкекке 212 кыргызстандык 17-апрелде чартердик каттам менен учуп келген. Алар калаадагы  "Ак кеме" мейманканасына жайгаштырылган. Алардан анализдер алынып, жыйынтыктары таза чыккандан кийин үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

“Бардыгына лабораториялык тест жасалган. Анализдеринин жыйынтыгы таза чыккандан кийин телефондоруна атайын тиркемелерди көчүрүп берип, анкета толтуртуп, үйүндө шарты барларды атайын автоунаалар жеткирген. Сырттан келгендердин арасында бөйрөгүн алмаштыргандар, жүрөгүнө операция жасаткандар бар экен. Аларды түз эле ооруканага алып барып, ал жактан да тестирлөө кылып, андан соң үй карантинине чыгарылган", — деди Үсөнбаев.

Эми жарандар эки апта үйдөн чыкпай, карантин талаптарын сакташы керек. Буга чейин чет өлкөдөн келе албай жаткан кыргызстандыктардын саны алты миңге чукул экени айтылган.

Кыргызстанда бүгүн, 21-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталып, илдетке кабылгандардын саны 590 адамга жетти. Жалпы  216 адам коронавирустан сакайып чыкты, 7 адам көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.